Улуттук банк COVID-19 пандемиясынын терс таасирин азайтуу үчүн коммерциялык банктарга насыя берет. Бул тууралуу регулятор маалымдады.

Белгилей кетчү нерсе зайымдар улуттук валютада берилет. Банктар төмөнкү максаттар үчүн насыя ала алышат:

  • COVID-19 пандемиясынын терс таасирлерин азайтууга;
  • милдеттүү резервдик талаптарды сактоого;
  • банктар тарабынан КР Улуттук банктынын экономикалык жана башка ченемдерин аткарууга;
  • аманат ээлери алдындагы милдеттемелерди өз учурунда аткарууга.

Насыя боюнча пайыздык ченем эсептик ченем өлчөмүндө белгиленмекчи. Эсиңиздерге сала кетсек Улуттук банк аны акыркы жолу 5% өлчөмүндө белгилеген.

Мындан сырткары, КР Улуттук банкынан алынган каражаттарды пайдаланууга регулятор тарабынанчектөөлөр киргизген. Атап айтканда, акча каражаттарын төмөнкү багыттарга жумшоого тыюу салынат:

  • валюта рыногунда операцияларды өткөрүүгө;
  • баалуу кагаздар рыногуна;
  • мамлекеттик баалуу кагаздар менен КР Улуттук банкынын нотторун сатып алууга.