COVID-19 пандемиясынан улам 2020-жылы Кыргызстандын экономикасынын өсүү темпи 4%га чейин басаңдашы күтүлүүдө. Бирок, алтын экспортунун өсүү мүмкүнчүлүгүнөн улам ал 2021-жылы кайрадан калыбына келет деген божолмолдор бар. Бул тууралуу Азия өнүктүрүү банкы өзүнүн «Азия өнүгүүсүнө сереп ─ 2020» отчётунда маалымдайт.

Эгерде COVID-19жайылышы күч алып, чек аралар ачылбаса, экономиканын өсүүсү учурдагы көрсөткүчөрүнөн дагы төмөн түшүүсү ыктымал. COVID-19 эпидемиясы Кытай жана башка өлкөлөрдөн келүүчү чийки зат, жабдуу жана тамак-аш азыктары жаатындагы импорттун соолгундашына алып келип, өлкөнүн кайра иштетүүчү өнөр жайынын, курулуш жана башка тармактарынын ишинин  толук кандуу иштебей калуусу менен коштолмокчу.