6-апрелге карата коронавирустук инфекция менен күрөшүү боюнча иш-чараларды өткөрүү үчүн ыктыярдуу взностор менен кайтарымсыз каражаттар чегерилүүчү эсепке келип түшкөн акча каражаттынын жалпы суммасы 103 млн 946 миң 301 сомду түзгөн.

3-апрелден тартып 6-апрелге чейин аталган эсепке 7 млн 26,5 миң сом түшкөн. Дем алыш күндөрү акча чегерүүлөр болгон эмес.

Чегерилген акча каражаттарынын ичиндеги эң чоң сумма болуп эсептелген, тагыраак айтканда 4,15 млн. сомду коронавирустук инфекция менен күрөшүү боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу үчүн Korea International Cooperation Agency которгон.