Кыргызстандын финансы рыногун жөнгө салуучу жана көзөмөлдөөчү Мамлекеттик кызмат ломбарддык уюмдар тарабынан берилүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн керектөөчүлөрүнүн укуктары менен кызыкчылыктарын коргоо үчүн бир катар чараларды кабыл алды. Бул тууралуу Мамфинкөзөмөлдүн расмий сайтында маалымдалган.

Ошентип, ломбарддар берилген зайымдар боюнча пайыздардын чегерилишин үч айга токтото туруусу, ошондой эле зайымчылар менен макулдашуу боюнча мурда берилген зайымдарга реструктуризация өткөрүүсү жана 15-апрелге чейин кабыл алынган чаралар тууралуу Мамфинкөзөмөлгө билдирүүлөрү зарыл.

Бул коронавирустун жайылышынын натыйжасында киргизилген өзгөчө абалга байланыштуу калк үчүн терс экономикалык кесепеттердин деңгээлин төмөндөтүү максатын көздөйт.