Өткөн суткада доллар 80 тыйындан, 1,1 сомго арзандаганын эксперттер айтууда.

Бүгүнкү күндө бир америка долларын 81,4-81,8 сомдон сатып алышып, 82,3-82,7 сомдон сатып жатышат.

Улуттук банктын официалдуу көрсөтмөсүндө бир доллар 84,8713 сом. Орусия рублинин да ылдыйлоосун байкоого болот.

Учурда акча алмаштыруу жайлары бир рублди 1,03-1,07 сомдон сатып алып, 1,1-1,12 сомдон сатууда.

Эске салсак өлкөдө өткөн жумада доллар эң жогорку көрсөткүчтө 85 сомго чейин көтөрүлгөн.