Бизге билинбеген менен бөлмөдө бизди курчаган айрым заттар өздөрүнөн зыяндуу заттарды бөлүп чыгарат.

Мисалы формальдегид — бул бөлмөдөгү жеңил газ, ал үйдөгү эмерек, жыгачтан жасалган буюмдарда, кагаз жүз аарчыларда кезигет. Бул зат көздөн жаш агызып, көздүн көрүүсүн начарлатат.

Трихлорэтилен — өзүнөн жыт бөлүп чыгарган заттар. Буларга тырмак боёогон лактар, лакты өчүргөн ацетон суюктуктары жана килемди тазартуучу каражаттар кирет. Бул зат адамдын борбордук нерв системасына таасир берет.

Толуол — көзгө көрүнбөгөн суюктук. Бул суюктукту жарым жыл аралыгында обой бөлүп чыгаруусу толук мүмкүн. Ал адамдын нерв системасына таасир берип, эс учун жоготууга алып келет. Дал ушул жогоруда айтылган зыян заттардан бөлмөнү кадимки үйдө өстүрүлгөн гүлдөр тазалайт.

Сансевиериа — бөлмөгө кислород бөлүп чыгарат. Сууну аз ичет. Спатифиллум жана папоротник гүлдөрдү бөлмөнү формольдегидден тазалайт.

Мындан сырткары лимон, мирт, герань булар иммунитетти көтөрөт жана бөлмөдөгү вирустарды өлтүрөт.