Кыргызстанда балдар укуктары боюнча эксперт, жарандык коомдун өкүлү, “Балдардын укугун коргоо лигасынын” негиздөөчүсү Назгуль Турдубекова онлайн режимде окууга өтүүдө ата-энелердин ролу, балдар арасындагы суицид жана зордук зомбулука каршы аракеттери тууралуу ой бөлүшкөн.
– Биринчи кезекте онлайн окуу системасына өтүүдө ата-энелер тарбиялоо методикасын өзгөртүү керек;
– Дайыма балдардан сага кандай жардам керек деп сурап турууну эстен чыгарбоо зарыл;
– Азыр биз баардык ата-энелер үчүн балдарды оор жагдайда тарбиялоодо консультацияларды берип жатабыз;
– Сөзсүз түрдө бир күндүн планы балдар үчүн түзүлүп, үйдө кадимки иш күндөгүдөй шарт болушу керек;
– Үйдө болуп жаткан баардык талкуулар, балдардын аң сезимине чоң таасир берет. Ошондуктан негативди сүйлөшкөндөн алыс болуңуз;
– Үйдө балдарга ашыкча сын айтуунун кажети жок. Тескерисинче аларды колдонуз;
– Кыргызстанда бүгүн өспүрүмдөр үчүн психиатрлар жетишсиз, азыр алардын кызматы көп балдарга керек болуп турат. Келечекте муну эске алуубуз керек;
– Балдардын зордук зомбулука жана өз өмүрүнө кол салууну жокко чыгаруу боюнча улуттук координациялык борбор түзүлүп, жергиликтүү бийликтин көзөмөлүнө өткөрүлүш керек деп билдирди эксперт Назгуль Турдубекова.
Булак: Индира Куралбекованын фейсбук баракчасынан алынды.