Экономика

Дүйнөлүк экономика үчүн коронавирустун куну аныкталды

Коронавирус пандемиясынан улам дүйнөлүк экономика жакынкы эки жылы бери дегенде эле 5,5 триллион долларга зыян тартуусу мүмкүн. JPMorgan Chase аналитиктери COVID-19 эпидемиясынын дүйнө жүзүнө тийгизген кесепетин эсептеп жатышып, мына ушундай жыйынтыкка келишкендигин Bloomberg компаниясы маалымдаган.

Аналитиктердин айтуусу боюнча, бүгүн дүйнө жүзү эң катаал рецессияга кириптер болууда жана мындай абал 1930-жылдан бери катталган эмес. Албетте, экономикадагы мындай абал убактылуу болгону менен аны калыбына келтирүү үчүн белгилүү бир убакыт талап кылынат. Мисалы, дүйнөлүк ИДП өзүнүн кризиске чейинки көрсөткүчтөрүнө 2022-жылы гана кайтып келиши мүмкүн. 

Буга чейин пандемияга байланыштуу дүйнө жүзү боюнча бир миллиарддан ашык адам жумушсуз калуу коркунучуна кириптер болору тууралуу айтылган. Адистердин айтуусу боюнча мындай тобокелдиктерге көбүнчө мейманкана кызматында, коомдук тамактануу жана соода тармактарында эмгектенишкен кызматкерлер кириптер болушат. Белгилей кетчү нерсе, Дүйнөлүк соода уюмунун билдирүүсү боюнча дүйнөлүк соода-сатыктын төмөндөөсү 30 пайыздан жогору болуусу ыктымал.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button