Экономика

Россия мунай боюнча Сауд Аравиясы менен макулдашты

Бул келишим биротоло тарыхта калат. Бирок, анын бузулушуна АКШ жана Мексика себепкер болуусу ыктымал.

ОПЕК+ жаңы келишими боюнча макулдашуулар татаал сүйлөшүүлөрдөн соң акыры ишке ашты

Мунай экспорттоочу-өлкө уюмдарынын мүчөлөрү (ОПЕК) жана ОПЕК+ макулдашуусу боюнча алардын өнөктөштөрү, ошондой эле аларга бириккен Норвегия, Бразилия, Индонезия, Канада, Мексика, Аргентина, Колумбия, Эквадор, Индонезия жана Египет өлкөлөрү мунай өндүрүү көлөмүн буга чейин болуп көрбөгөндөй көлөмгө азайтуу боюнча эң эле масштабдуу келишим тууралуу макулдашууга жетишишти. Өлкөлөр ортосунда жетишилген мындай компромисс тууралуу Energy Intelligence басылмасынын кабарчысы Амина Бакр өз Twitter баракчасына жарыялаган. Документке али да болсо тараптардын бардыгы тарабынан кол коюла элек, бирок буга чейинки жетишилген прогресстен улам бул процесс акыры ишке ашаарына ишеним жаратат. Аталган жаңы макулдашуу боюнча мунай өндүрүү суткасына 10 миллион баррельге кыскарып, жаңы шарттар 2020-жылдынмай айынан баштап ишке киришет да, болгону эки айга созулат. Ал эми июль айына мунай өндүрүүнү азайтуу башка шарттарда өтөт. Тагыраак айтканда ал үстүбүздөгү жылдын аягына чейин суткасына сегиз миллион баррельди, 2022-жылдын аягына чейин  — алты миллион баррельдин тегерегинде болмокчу.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button