Аткаруу бийлиги ишкерликти колдоонун кошумча чараларын иштеп чыгат.

Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кеңешме өткөрүп, тиешелүү тарапка табыштады – деп билдирди өкмөттүн маалымат кызматынан.

Ага ыайык, буга чейин кабыл алынган өкмөттүн биринчи кезектеги чаралар планы өзгөчө абал режими маалында бизнести сактап калуу жана ишканалардын банкрот болушуна жол бербөөгө багытталган финансы жана салыктык мүнөздөгү кечиктирилгис чаралардын тизмесин камтыйт.

Ошондой эле калктын социалдык жактан аярлуу катмарына жардам көрсөтүү боюнча иш-аракеттер киргизилген. Бүгүнкү күнү өкмөт жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, донордук уюмдар жана ыктыярчылар менен биргеликте масштабдуу иштерди аткарууда.

«Кабыл алынган чечимдердин көпчүлүк бөлүгү бизнеске салыктык милдеттемелери, отчет берүү жана насыяларды төлөө боюнча өздөрүнүн пландарын жакынкы аралыкта өзгөртүүгө мүмкүндүк берди. Тилекке каршы, бардык жоготууларды жабуу үчүн өлкөбүз ири ресурстарга ээ эместигин баарыбыз түшүнүп турабыз. Бирок биз бардык күч-аракеттерди жумшоого тийишпиз. Ушул жана кийинки жума инфекциянын жайылуусуна каршы күрөшүүдө эң маанилүү. Буга байланыштуу жарандарыбыздан сабырдуу жана жоопкерчиликтүү болууну өтүнөм», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр белгилегендей, экономикалык активдүүлүктү жандандыруу үчүн бизнести кошумча колдоо жана экономиканы узак мөөнөттүү жана арзан насыялык ресурстар менен камсыздоо зарылдыгы турат.