Бул тууралуу айрым өлкөлөр 2020-жылдын 1-кварталына карата рекорддук өлчөмдөгү азайууларды эмитеден эле белгилешүүдө.

Коронавирустун кесепетинен улам пайда болгон кризис дүйнөлүк экономикага сокку урууда. Дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө киргизилген карантиндик чаралар жана чек аралардын жабылышынын натыйжасында  мамлекеттер арасындагы экономикалык-соода сатыктык мамилелер токтоп калгандыгын байкоого болот. Мындай кризис, албетте карантиндик чаралар киргизилбеген өлкөлөрдү дагы кыйгап өткөн жок.

Албетте, коронавирус менен күрөшүү, карантиндик чаралар жана калктын саламаттыгын сактоо маселелеринин жанында экономикалык өнүгүү маселеси дагы турат. Ар бир өлкөнүн бийлиги өз элинин өмүрүн сактап калуу максатында карантиндик чараларды күчөтүү экономикалык абалды күн өткөн сайын начарлатып  жүрүп отураарын жакшы түшүнөт.

Бул багытта Сингапур мамлекети биринчилерден болуп биринчи квартал боюнча өз ИДПсы жөнүндө расмий маалымдаган. Апрель айынын башында Сингапурдун Соода министрлиги 2020-жылдын биринчи кварталында өлкө ИДПсы 2,2%га кыскарып, жыл ичинде ал 1,5%дан 4%га жетээрин белгилесе, Франциянын Борбордук банкынын билдирүүсү боюнча биринчи кварталда өлкө ИДПсы дээрлик 6%га төмөндөйт. Бул Экинчи дүйнөлүк согуштан берки эң начар көрсөткүч болуп саналат.

Албетте коронавирустук кризистен АКШ мамлекеттери дагы жабыркайт. Айрым уюмдардын билдирүүсү боюнча 2020-жылдын биринчи кварталында америкалык ИДП 16%га түшөөрү күтүлөт.

Дүйнөлүк эксперттердин айтуусу боюнча экономикадагы мындай рецессия бардык өлкөлөрдө катталып, өнүгүп жаткан өлкөлөр арасында дефолт толкунун жаратуусу ыктымал болгондуктан Эл аралык валюта фонду дүйнөлүк державаларга жардам берүү үчүн өзүнүн бүтүндөй резервдерин жумшоого туура келери тууралуу айтууда.

Ошентсе да, эл аралык уюмдардын маалыматы боюнча 2020-жылдын аягында дүйнөлүк экономика өз нугуна түшүп, олуттуу өсүштөрдүн болору күтүлөт.