Экономика

Туннелдин артындагы шоола

Ааламды апаат басты. Бизге окшогон токсон жети пайызы тоодон турган чакан өлкөлөр эле эмес, АКШ, Германия, Россия сындуу кубаттуу өлкөлөр коронавирус илдетинин алдында алсыз болуп калды. Башканы айтпаганда да дүйнөдөгү эӊ кубаттуу делген АКШда жөнөкөй медициналык бет капка таӊкыстык жаралып, доктурлар атайын тигилген кийим эмес, таштанды салчу пакеттерди коргонуучу кийим катары кие баштады.

АКШда азыр медициналык кызматкерлерге, диплому бар же эл аралык сертификаты бар медициналык кызматкерлерди жумушка чакырыпжатат. Моргдордго набыт болгон адамдардын сөөгү батпай калганын күн сайын маалымат каражаттары билдирип жатканын эске алсак булл апааттын арты канчалык денгээлде коркунучтуу экенин билебиз. Ал эми мындай шартта биздин бийлик аргасыздык чараларынан улам эл аралык коомчулукка кайрылып, жардам суроосутабыгый эле көрүнүш.

Биз эмес, Кытай, АКШ, Италия, Испания жардам сурап жаткандан кийин биздин ахыбалыбыз   эле жатат. Президент Сооронбай Жээнбеков , Кытайга, БАЭге, Ислам өнүктүрүү банкына грант, жеӊилдетилген кредит сурап кайрылды. Ал каражаттардын алгачкы траншы түшүп, ага керектүү жабдыктар сатылып алына баштады.

Тилекке каршы, бул апааттын арты менен республикалык бюджет болжолдуу 40 миллиард сомго артка кетет. Соцкурулуштар, пландалгандай сатып алуулар токтоорун өлкөнүн вице-премьер министри Эркин Асрандиев билдирди.

Ошентсе да ДКУ берген 120.9 миллион доллар берип, алгачкы колдоосун көргөздү. Мындай кырдаалда биз үчүн булл чоӊ каражат. Ал эми андан башка да каражат булактары келери күтүлүп жатканын эске алсак анда өкмөт тез арада төмөнкү кадамдарды кабыл алышы керек.

Алгач эле бул пандемиянын масштабын жашырбай, ачык-айкын иш алып бару жана биринчиден болуп Орус Кыргыз өнүктүрүү фондунда жаткан 250 миллион доллар каражатты жеке ишкерлерге бюрократиясы жок аз үстөк менен берип, ириде чакан жана орто бизнести өнүктүрүү зарылчылыгы келип чыкты. Экинчи кадам катары биз тез арада Кытай кыргыз чек арасын ачып, өлкөгө товар кирүү мүмкүнчүлүгүн түзүп, ЕАЭБдин алкагында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, убактылуу болсо да реэкспорту жандандырбаса биздеги каржы булагынын көзү көрүнбөй жатат.

Эӊ негизгиси дал ушул кырдаалды өкмөт тура анализдеп, айыл чарба тармагындагы приориттерди аныктоосу зарыл. Биз чакан мамлекет болгонубуз менен азык-түлүк коопсуздугу боюнча саясат иштелбей арттта калган.

Азык-түлүк коопсуздугу боюнча тогуз позицияны аныктап, аны приоритет кылуу менен жогоруда айткан Орус кыргыз өнүктүрүү фондундагы каражатты дал ушул тармакка салса натыйжасы тез болуп, элди иш менен, мамлекетти азык-түлүк коопсуздугу менен камсыздап алмакпыз. Бизге дагы бир жагымсыз жагдай жай мезгилинде келет. Ал туризмдин быйылкы жылы көрсөткүчүнүнү төмөндөшү.

Дүйнөдөгү болуп жаткан кризис туризм тармагына кату соку урат. Анын ордун компенцасиялоо үчүн биз Россия өкмөтү менен жогорку денгээлде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, биздин мигранттардын негизги көйгөйлөрүн убактылуу болсо да жеӊилдетүү жана аларды Россияда иштеп калышына максималдуу жардам көрсөтүү болуп саналат. Эмгек мигранттары биздин республика үчүн эӊ чоӊ инвестициялык долбоор. Биз ички экономиканы бир нукка салгыча мекендештердин инвестициялоосу биз үчүн абдан маанилүү жана убакыт созбостон чеччү маселе. Мына ушул негизги багыттарды аныктап албасак жалгыз президенттин аракетинен майнап чыгышы күмөн. Ушул кадамдар гана туннель артынан шоола сымал элге үмүт берет.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button