![](https://kadam-media.kg/wp-content/uploads/2020/04/92823573_1554579348033092_5934292317870489600_o.jpg)
Без рубрики
Үйүнө барбай иштеп жаткан дарыгерлердин үй-бүлөсүнө Ош шаарынын мэриясы жардам берди
Ош шаарынын мэриясы коронавирус илдетин жугузуп алган оорулууларды карап жаткан 30 дарыгердин үй-бүлөсүнө азык-түлүк жеткирди.
Мэриянын
маалымат кызматы билдиргендей, азык-түлүк түрүндөгү жардам
шаар мэри Таалайбек Сарыбашовдун тапшырмасы менен үйүнө
барбай изоляторлордо иштеп жаткан дарыгерлердин үй-бүлөсүнө 1 каптан ун жана
азык-түлүк берилди.
Мэр изолятордогу дарыгерлердин өкүлү менен байланышып, аларга ыраазычылык билдирген.