Сулуулук дүйнөнү сактайт дейбиз. Сулуу болуу үчүн айымдар кандай кадамдарга барышат, кантип тармал чачтан суйдаң чачка айланат, бул тууралуу адистин кеңешин сунуштайбыз. Шаарыбыздын сулуулук салондорунун биринде дал ушул айымдардын арзуусун орундаткан Диана айымдан кеңеш сурап кайрылдык.

— Жаздын келиши менен кыздар өзгөчө сулуулукка кам көрөбүз, акыркы мезгилде айымдар арасында популярдуу болгон чачтарына кератин, нанопластика ламинация жасатууда булардын айырмасы эмнеде?

— Акыркы учурда кератин менен чачты түздөө сулуулук салондордо популярдуу болуп жатат. Анын себеби чач кургак, сынма, болбой, ток өткөрбөй учпай калат. Чачты түздөйт жана ар кандай башка зяын процедуралардан коргойт. Кератин менен чачты түздөө — бул көп талаптарды камтыган процедуралардан бири.Чачты ичинен азыктандырат, текши, жибектей болуп , 6 айга чейин жүрөт.  Эффекттин көп убакытка чейин сакталуусу үчүн кератиндин маркасынан жана процедурадан кийин өзгөчө шампунь, маска, бальзам менен колдонуш керек. Кератин жасаткандан эки жумадан кийин чачты боёсо болот.

 Кератин менен түздөө ламинация менен кандай айырмасы бар?

— Булар бири- бирине окшошпогон процедуралар. Чачты ламинация кылуу, чачтын устун силикон менен туздойт. Чачтын Ламинациясын чачтын боёгону менен салыштырса болот. Процедуранын астында, жана процедурадан кийин. 2-4 апта чач түз болуп жүрөт. ⠀

—  Кератиндин жогорку сапатта экенин кардарлар кантип билсе болот?

— Кератин чачка сүйкөлгөн соң кээ бир мастерлер дароо жууп берет, айрымдары үч күн кармоо керек дешет? Кератиндин жогорку сапаттын жыйынтыгын процедура бүткөндө эле көрүнөт. Анткени мастер өзү чачты жууп, жыйынтыкты көрсөтүп берет. Кээ бир мастерлер 3 күн жуубай кармоо керек дешет, бирок андай кератиндин сапаты начар болот жана баасы да аябай арзан болот.Ошондуктан көбүнчөсү арзан баага карап барып алданып калышат. Азыркы заманда жакшы жана сапаттуу кератин пайда болгон ошондуктан процедурага барардын алдында мастер менен кеңешип көрүү кажет.

— Нанопластика кератин менен түздөөдөн эмне менен айырмаланат?

— Нанопластика бул чачтын түздөөнүн бир түрү. Нанопластикада зыян нерселер — формальдегид жана ошондой эле анын туундулары жок болот. Ошол үчүн айымдарга кош бойлуу кезинде локтация болгондо да тыюу салынбайт.