ОПЕК+ катышуучулары мунай өндүрүү боюнча жаңы келишимге кол коюшту. Келишимге 23 мамлекет катышкан, алардын  ону  – бул ОПЕК өлкөлөрү. Аталган бирикмеге, келишимге кирбеген мамлекеттердин саны дагы – он. Ал эми ОПЕКке кирген үч мамлекет, атап айтканда Иран, Ливия жана Венесуэла баштагыдай эле саясий көйгөйлөргө байланыштуу мунай өндүрүүнү кыскартууга катышпайт.

Келишим эки жылга, тагыраак айтканда 2022-жылдын биринчи майына чейин созулат.  Ага ылайык алгачкы эки айда мундай өндүрүүнү азайтуу суткасына тогуз миллион баррельди түзмөкчү. Жылдын экинчи жарымында бул көрсөткүч сегиз миллионду, 2021-жылы алты миллионду түзмөкчү.

Белгилүү болгондой ОПЕК+ рынокко көз салат жана зарылчылыкка жараша кошумча чараларды кабыл алат. Ошондой эле, алар альянска кирбеген өлкөлөр дагы жалпы жолунан алганда мунай өндүрүү көлөмүн суткасына беш миллион баррельге азайтат деген ойдо экендиктерин билдиришкен.