Нарколог Евгений Брюн спирттик ичимдик ичкенде алкоголь клеткаларды жабыркатып, вирустун организмге тез кирип кетишине шарт түзөөрүн билдирди.

Айрым жарандар спирт ичимдиктери вирусту өлтүрөт деген жаңылыш түшүнүк. Тескерисинче организмге коронавирус бат жугушу мүмкүн. Этанол организмге киргенде өзгөчө иммундук клеткаларды жабыркатат.

Андыктан спиртке ууланып турган организм вирусту бат кабыл алат. Адистин айтымында спиртти антисептикалык каражат катары дагы абайлап колдонуу кажет.

Себеби курамында спирти бар каражаттарды көп колдонгондо тери кургап кол кесилип, туурулуп кетет. Ал эми теринин кесилген жерине вирус кирип кетүү коркунучу бар.