ОПЕК+келишими мунайга болгон бааны кармап туруу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Бул тууралуу РФ Өкмөтүнө караштуу Финансы университетинин социалдык-экономикалык изилдөөлөр институтунун директору Алексей Зубец билдирген.

ОПЕК+келишими болбогондо мунайдын баасы арзан болмок, ошондой болсо да ага карата баанын өтө жогору болуусун дагы күтүүгө болбойт — деди Россиялык түз инвестициялар фондунун башчысы Кирилл Дмитриев.

«Аталган келишим мунайга болгон бааны кармап турууга жарайт. Ансыз анын бир баррели 10 доллардан төмөн түшмөк… Чынында эле, суроо-талаптын соолгундашы бул тармакта олуттуу көйгөйлөрдүн келип чыгуусу менен коштолгон. Ошентсе да, түзүлгөн келишимден кийин баа көтөрүлөт деп айтууга болбойт. Эң негизгиси аталган Келишим мунайга болгон баага колдоо көрсөттү, мунун негизинде рынок турукташууда” — дейт Дмитриев.

РФ Энергетика министри Александр Новактын айтуусунда энергорынокту турукташтыруу боюнча “жыйырма чоңдуктун” » (G20) Энергетика министрлеринин отурумунун жыйынтыгы боюнча ОПЕК+ рынокко байкоо жүргүзүп, зарылчылыгына жараша кошумча чараларды кабыл алып турат.

Мындан сырткары,  РФ Өкмөтүнө караштуу Финансылык университеттин социалдык-экономикалык изилдөөлөр институтунун директору Алексей Зубец келишим мунайга карата бааларды турукташытруу боюнча кырдаалды жөнгө салууга жардам бергени менен жакынкы араларда рыноктун калыбына келүүсү боюнча сөз кылуугамүмкүн эмес экендигин белгилеген.  

Белгилей кетсек, жекшемби күнү ОПЕК+ катышуучулары мундай өндурүүнү 2018-жылдын октябрь айындагы өлчөмүнө карата бекитишти: май-июнь айына карата – 23%, 2020-жылдын аягына чейин – 18% жана 2022-жылдын апрель айынын аягына чейин – 14%. Биринчи баскычта альянс мунай өндүрүүнү – 9,7 милл баррельге, андан соң 8 жана 6 миллион баррельге чейин кыскартмакчы.