Урматтуу элим! Мен Нарын облусунун Ат-Башы району боюнча сөз кылгым келип атат. Мен Нарындыкмын, антсе да анын ичинен Ат-Башылык эмесмин. Бирок учурдагы абал боюнча айтсак, бүгүнкү күндө ал жактан коронавирустун официалдуу катталганы 19 учурду көрсөтүп отурат. Бул кичинекей район үчүн чоң эле көрсөткүч. Дагы канча чыгышы мүмкүн. Аны билбейбиз. Ат-Башыдан мен мен деген байлар чыккан. Аскар Салымбеков агабыз баш болгон, Камчыбек Жолдошбаев төш болгон. Аларга рахмат, кыргыз эмес Кытайга чейин жардам берип жатышат.

Ошентсе да оору сиздердин кичи мекениңиздерге, касиеттүү Кошой коргон, Чеч төбө сыяктуу жерди жердеген бир туугандарыңыздарга коркунуч туулуп жатат. Бардык ат-башылык атка минерлер, колунда барлар чогулсаңар балекеттен арылта аласыздар, ишенебиз жана күтөбүз.

Талас элин жалгыз Бабанов эле каржылап атат дешет го…