Бүтүндөй дүйнө жүзүн каптаган оорунун кесепети өлкөбүзгө дагы өзүнүн таасирин тийгизип жаткандыгы баарыбызга маалым. Ошондуктан ар бир айылдын, ар бир жердин өзүнүн белгилүү, белдүү жигиттери, колунда бар кичи ишкерлери, бизнесмендери өзүнүн кичи мекени болгон элине колунан келгенче кайрымдуулук жардамдарын көрсөтүшүүдө.

Мына ошондой инсандардын бири Ысык-көл областынын Чолпон-Ата шаарында кичи ишкерлик менен алектенген Абдыкалыков Турдубек Каразакович тапкан кирешесине бүгүнкү кырдаалга кайдыгер болбостон өзүнүн кичи мекени болгон Лейлек районуна караштуу Маргун айылындагы 10дон ашык аз камсыз болгон турмуш-шарты оор үй-бүлөлөргө, жалгыз бой карыяларга, майыптарга ар бирине 1 каптан ун, 5 литрлик өсүмдүк майы, күрүч, ак кант, макорон жана башка азык-түлүктү жөнөтүп элинин алкышына татыды.

Жөнөтүлгөн азык-түлүктөрдү аталган айылдагы М. Баетов атындагы орто мектебинин мугалими, бир тууган иниси Абдыкалыков Мыктыбек, Маргун айыл Өкмөтүнүн социалдык адиси менен биргеликте үймө үй таркатышып, алыста болсо да элин ойлоп жардамын аябаган Турдубек мырзага эл алкышын алып беришти.

Маалымат фейсбук социалдык тармагынын колдонуучусу Бүүрайма Худайбердиеванын баракчасынан өзгөртуусуз алынды.