2019- жыл ичинде Баткен областында кыргыз-таджик чек-арасы боюнча Ак-Сай, Көк-Таш жана Максат аймактарында 14 жолу чыр-чатактар (конфликттер) катталды. Анын ичинде 8 жолкусу куралдуу чыр-чатактар болуп саналат. Конфликттердин негизги чыгуу себеби Кыргызстан менен Таджикистан арасындагы такталбаган жер тилкелери болуп эсептелинет. Эң кейиштуу жагы бул аймактагы тургундар жогорудагыдай чыр-чатактарга даяр эмес экендиги көрунуп калды.

“Инсан-Лейлек” Коомдук фондунун “Элеттик аялдар тынчтык жана коопсуздукту издейт!” долбоорунун алкагында «ЧЕК АРА АЙМАКТАРЫНДАГЫ КУРАЛДУУ КОНФЛИКТТЕР УЧУРУНДА АЛДЫН-АЛА МААЛЫМДОО ЖАНА АРАКЕТТЕНҮҮ БОЮНЧА СИСТЕМАЛЫК ПАСПОРТУН” иштеп чыкты.