Коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдө оорунун очогунда иштеген дарыгерлерге убада кылынган компенсацияны төлөп берүү токтотулду.

Бул тууралуу бүгүн, 20-апрелде эртең мененки онлайн маалымат жыйында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Ал каражатты төлөп берүү эмнеге токтотулганын ачыктаган жок. Болгону учурда өкмөттүн жаңы токтому даярдалып жатканын, маселе жакшы тарапка чечилерин айтты.

Буга чейин ЖК депутаты Аида Касымалиева кенемте алуучулардын тизмеси «жең ичинен» бөлүштүрүлүп жатканын айтып чыккан болчу.