Өзгөчө абал режиминде уруксат берилген экономикалык ишмердүүлүктүн түрлөрү (тизме)

628

COVID-19 вирусунун кесепетинен улам келип чыккан кыйынчылыктарды жеңүү максатында жана экономикалык зыянды азайтуу үчүн экономикалык ишмердүүлүктү жандандыруунун этаптуу жол-жобосу иштелип чыкты. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди.

Өкмөт башчы Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков  бүгүн өткөргөн  Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинде Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларында, ошондой эле Ат-Башы районунда өзгөчө абал режимин 2020-жылдын 10-майына чейин узартуу жана экономикалык ишмердүүлүктү этап-этабы менен жандандыруу тууралуу чечим кабыл алынганын билдирди.

Мухаммедкалый Абылгазиевдин айтымында, экономикалык ишмердүүлүктү жандандыруунун  баскычтуу тартиби иштелип чыккан критерийдин негизинде жана ага өлкөнүн эпидемиологиялык кырдаалынын тийгизген таасирин эске алуу менен түзүлдү.

«Мисалы, курулуш, айыл чарба, өнөр жай тармактарында илдетти жугузуунун тобокелдиги ортодон төмөн. Кызмат көрсөтүү тутумунда тобокелдик жогору. Ошондуктан бул этапта тейлөө тармагындагы ишканалардын ишмердүүлүгүн толук кандуу жандандыруу кооптуу», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өзгөчө абал режиминде уруксат берилген экономикалык ишмердүүлүктүн түрлөрүнүн тизмеги

(2020-жылдын 1-майынан тарта)

1. Өнөр жай жана өндүрүш чөйрөсү:

– энергетикалык өнөр жай;

– химиялык жана нефтигаз өнөр жайы;

– машина куруу, прибор жасоо жана электр техникалык өнөр жай;

– тоо кен өнөр жайы, түстүү жана кара металлургия;

– текстилдик жана булгаары-бут кийим өнөр жайы;

– эмерек өнөр жайы;

– курулуш материалдарды өндүрүү

– жана башка өнөр жай жана өндүрүш түрлөрү.

2. Курулуш чөйрөсү:

– курулуш обьектилери;

– сугат, таза суу жабдуулары, ошондой эле каналдар, жолдор жана көпүрөлөр чөйрөсүндөгү подряддык иштер;

– кошо аткарылуучу жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр.

3. Транспорттук каражаттарды оңдоо жана тейлөө боюнча кызмат көрсөтүү чөйрөсү:

– техникалык тейлөө жана оңдоо, май алмаштыруу жана сырдоону кошо;

– дөңгөлөктөрдү желимдөө жана түздөө;

– жууп-тазалоо жана химиялык тазалоо.

4. Жеке жана мамлекеттик нораиустардын кызмат көрсөтүүлөрү.

5. Соода чөйрөсү:

– интернет дүкөндөр (электрондук коммерция), товарларды жеткирүү, анын ичинде курьердик кызматты кошо;

– курулуш материалдарын дүңүнөн сатуу жана жеткирүү, дүкөндөрдү (дүң соода түйүндөрү/кампалар/курулуш материалдарын жеткирүүчүлөрдү) кошпогондо;

– кездемелерди жана фурнитураларды дүңүнөн сатуу жана жеткирүү, дүкөндөрдү (дүң соода түйүндөрү/кампалар/курулуш материалдарын жеткирүүчүлөрдү) кошпогондо 

– автотетиктер, велотетиктер, комплекттөөчүлөр, май жана автосырдоо дүкөндөрү.

6. Чач тарачтар жана салондордун (алдын ала жазылуу боюнча өзгөчө чач кыркуу, чач боео жана жасалгалоо) кызмат көрсөтүүлөрү.

7. Уюшулган таксомотордук кызматтардын кызмат көрсөтүүлөрү (2ден ашык адам салбаганда)

«Иш-аракеттердин ушул багыттарын эпидемиологиялык кырдаалга тийгизген таасири жагынан карап, аларда оптималдуу баланс бар деген бүтүмгө келдик. Ошондой эле бул этапта суроо-талап чоң болгон кызмат көрсөтүүлөр дагы каралды. Фермерлерди колдоо үчүн мал базарлардын иштөөсүнө уруксат берилди. Бирок айрым аймактарда гана. Шаарларда жана Бишкек, Ош, Токмок, Сокулуктагы эл көп топтолгон базарлар азырынча иштебейт», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр өлкө аймагына вирустун кеңири жайылышынын минималдуу тобокелдигине дагы жол берилбеши керектигин белгиледи.

«Биз жарандар жана экономика үчүн булар кандай кедергисин тийгизерин түшүнүп турабыз. Мен кыйынчылыктарга карабастан Өкмөттүн аракеттеине түшүнүү менен мамиле кылып, ишин колдоп жаткан мекендештерге ыраазычылык билдирем», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 2020-жылдын 11-майында кийинки баскыч ишке кире баштарын, анда эл көп топтолгон тармактардын иштөөсүнө уруксат берилерин айтты..

2020-жылдын 11-майынан тарта өзгөчө экономикалык ишмердүүлүктүн төмөнкү түрлөрүнө уруксат берилет:

1. Финансылык жана башка кызмат көрсөтүү чөйрөлөрү:

– микрофинансылык уюмдар;

– камсыздандыруу компаниялары;

– кыймылсыз мүлк боюнча агенттиктер;

– туристтик агенттиктер.

2. Калкты тейлөө кызматтары:

– сантехникалык, электромонтаждык жана жыгач устачылык иштер;

– тиричилик техникаларын, машиналарды, аппараттарды жана шаймандарды оңдоо;

– химтазалоо жана клининг.

3. Соода чөйрөсү:

– курулуш материалдарынын дүкөндөрү жана базарлары;

– автотетик, велотетик, комплекттөөчү тетиктер, май жана автомобиль сырларын сатуу базарлары;

– тигүү жана булгаары иштетүү тармактары үчүн кездемелерди, фурнитураларды жана башка буюмдарды сатуу базарлары;

– автосалондор, авторыноктордон сырткары.

4. Транспорттук кызмат көрсөтүү чөйрөсү:

– коомдук транспорт, атап айтканда автобустарда жана троллейбустарда жүргүнчүлөрдү ташуу, кичи автобустардан сырткары.

«Коомдук унааларды ишке киргизүү бир аз опурталдуу, бирок пандемия деңгээли төмөндөсө, анда автобустарга жана троллейбустарга уруксат берилет. Кичи автобустар азырынча коопсуз эмес экендиги айкын», -деп белгиледи Премьер-министр.

Төртүнчү этап өзгөчө статуска ээ жана өлкөнүн социалдык-экономикалык жашоосун калыбына келтирүү максатын көздөйт.

2020-жылдын 21-майынан баштап өзгөчө абал режиминде төмөнкү экономикалык ишмердүүлүк түрлөрүнө уруксат берилет:

1. Калкты тейлөө борборлору (КТБлар).

Финансы жана башка кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсү:

–   акча алмашуу пункттары;

–   ломбарддар.

2. Калкты тиричиликтик жактан тейлөө борлорлору:

– бут кийим оӊдоо;

– эмерек чогултуу жана оӊдоо.

3. Соода-сатык чөйрөсү:

– соода борборлору;

– кийим-кече сатуучу базарлар жана дүкөндөр;

– автомобиль базарлары;

– коштоочу кызматтар.

4. Менчик (жеке) репетиторлордун кызмат көрсөтүүлөрү.

5. Менчик үй-бүлөлүк мончолордун жана СПА-борборлордун кызмат көрсөтүүлөрү.

Ошентип бешинчи этап жыйынтыктоочу болот жана экономикалык жана социалдык чөйрөлөрдөгү ишмердүүлүктүн бардык түрүн жандандыруу менен мүнөздөлөт. Муну менен бирге эпидемиологиялык абалга жараша экономикалык ишмердүүлүктүн уруксат берилген түрлөрүнө өзгөртүүлөр кирүүсү мүмкүн. Экономикалык чөйрөдөгү ишмердүүлүктү жандандыруунун өзгөчө баскычтуу тартиби айыппулдук, ошондой эле санкциялык баскычтарды камтыйт.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди катуу сактоонун маанилүүлүгүн өзгөчө баса көрсөтүп, аныкталган бузуулар үчүн ишканалардын жана уюмдардын жетекчилери өздөрү жоопкерчиликти алышарын белгиледи.