Кыргызстанда коронавирус илдети менен ооруган жарандардын катары күн сайын көбөйүүдө. Ошол эле учурда илдеттен айыгып чыккан жарандардын катары арбын. Ушул тапта улуу Рамазан айында кандай гана ооруга чалдыкпасын жарандар мусулманчылык парзын аткарып, орозо кармагысы келет.

Биз коронавирус илдетин жуктуруп алган жарандар орозо кармаса болобу? деген таризде суроо менен Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгына кайрлыганыбызда мындай жооп алдык.

«Эгер коронавирус менен ооруган адам өтө оор формасында ооруп орозо кармаганга дарамети жетпесе, ошондой эле ал күндүзү маал-маалы менен даары ичиш керек болсо, анда ал адамга орозо кармабаганга уруксат. Бирок, качан айыкканда ал орозо кармоосу керек«,-деди Муфтияттан.

Эскертүү: Кандай гана абал болбосун оорукчан даарылаган даарыгер менен кеңешиши зарыл. Коронавирус менен ооругандар даарыгерлердин көзөмөлүндө себеби, бул оору изилдене элек.