Россиянын РИА Новости агенттигине берген маегинде, медицина илимдеринин кандидаты, дарыгер-кардиолог Анна Кореневич жүрөктүн жана кан тамырдын иштөөсүн жакшырта турчу азыктарды атап берди. Кардиологдун айтымында, жаңы бышкан жашылча жемиштерди күнүнө 400 граммдан жеп туруу керек.

«Сабиз, бадыраң, помидор, калемпир жана башка кеңири белгилүү эле жашылчаларды алгыла. Бирок картошканы азыраак жеш керек. Анткени анда крахмал көп, клетчатка аз. Жемиштерден жүзүмдү тизмеден чийип салган оң. Себеби анын курамында глюкоза аябай көп. Бананды ченеп жеген жакшы. Андагы углевод канда глюкозаны көбөйтүп жиберет. Бул жаман. Бир четинен курамында калий болгондуктан пайдалуу», — деген дарыгер.

Ошону менен бирге, жүрөккө пайдалуу азыктардын тизмесине жаңгактын түрү (грек, кедр жаңгагы, кешью, арахис) жана зайтун майы кошулган. Булардын курамында Омега-3 жана Омега-6 майлуу кычкылдар көп экени менен түшүндүрдү.

Мындан сырткары, дагы бир пайдалуу азык бул — ачуу шоколад (70 пайыздан көп какао кошулган). Ал жүрөк, кан тамыр, нерв системаларынын иштөөсүн жакшыртат. Кардиолог күнүнө 20-30 граммдан ашык ачуу шоколад жеп коюу керектигин айтып, ал ашыкча салмак коштурбай турганын баса белгилеген.