Сулуулуктун бир нече жөнөкөй эрежелерин эске алып коюңуз:
Биринчи эреже: Түндө уктоо керек – бул сулуулуктун алмашкыс мыйзамы. Дал ушул убакта организмиңизде күндүзү жоголгон сулуулугуңузду ордуна келтирүүчү татаал биохимиялык процесс жүрөт. Андыктан, толук кандуу уйкуга көнүңүз.
Экинчи эреже: Телевизор көрүп отуруп бир эле убакта төмөнкү пайдалуу адаттарды жасай отуруңуз:
– Бут үчүн ванна
– Тырмактарды бекемдөө үчүн ванна
– Таманга жана колго жеңил массаж
– Моюнга жана ээкке массаж.
Үчүнчү эреже: Ар күнү кечинде 15 мүнөттү бир гана өзүңүзгө арнаңыз. Бул мүнөттөрдө өзүңүздү бош таштап, бутуңузду өйдө көтөрүп жатыңыз жана эч нерсени ойлобоңуз. Сизге тынчтык гана керек.
Төртүнчү эреже: Көзүңүздүн айланасындагы тери үчүн кам көрүңүз. Ошондо курдаштарыңызга караганда маселеңиз азыраак болот.
Бешинчи эреже: Түнкү крем колдонуңуз.
Алтынчы эреже: Чачыңызды карама-каршы багытка тараңыз. Бул башыңыздын терисиндеги кан айланууну жакшыртат.
Жетинчи эреже: Жаман маанай менен же ачка бойдон уктагандан көрө таптакыр уктабай койгон жакшы. Жатаарда бир стакан кефир ичүүнүн, атүгүл шам-шум этип алуунун эч кандай зыяны жок. Бирок, күндүзгү порцияңыздан 3-4 эсе аз жеңиз.
Сегизинчи эреже: Бетиңизди жаздыкка катып жатпаңыз. Болбосо эртең менен шишип ойгоносуз. “Уйкудагы сулуу” туура жана ыңгайлуу позада жатышы керек.
Тогузунчу эреже: Уйкусуздук менен күрөшүүнүн бир жолу – радионун үнүн акырын чыгарып, жыштыктардын ортосуна коюп коюңуз. Бул шуудураган үн батыраак уктоого жардам берет жана тынч уктоого шарт түзөт.