Экономика

Кыргызстандын мамлекеттик карызы 53 млрд. 235.74 млн. сомго өстү

Үстүбүздөгү жылдын март айына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4 млрд. 649.21 млн АКШ долларын түзгөн. Бул тууралуу республикабыздын Финансы министрлиги билдирген.

Анда мамлекеттик карыздын 86,2% же 4 млрд. 6.05 миллион АКШ доллары өлчөмүндөгү бөлүгү (323 млрд 729.06 млн сом) тышкы зайымдарга, ал эми 643.15 млн АКШ доллары (51 млрд 973.22 млн сом) көлөмүндөгү сумма ички карыздарга туура келет.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын январь айынан тартып март айына чейин Кыргызстандын мамлекеттик карызы 53 млрд. 235.74 млн. сомго көбөйгөн.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button