Ислам булактарындагы маалыматтарга ылайык, кадыр түн анык белгиленип көрсөтүлбөгөнү сыяктуу эле,

«Жума күнүнүн ичинде дуба кабыл болуучу касиеттүү учур, беш убак намаз ичинде «ортонку намаз» Аллах Тааланын ысымдарынын ичинде «Исми Аьзам» баардык ибадаттардын ичинде «Алла Тааланын ыраазычылыгы», замандар ичинде кыямат учуру, өмүр ичинде өлүм учуру» адамдарга ачык билдирилбей жашырылган.

Кадыр кечесинин жашырылып сыр болуусунун себеби:

  1. Эгерде Кадыр кечеси бир күнгө белгиленип калганда анда жалкоо табияттар бүгүн Кадыр кечеси деп калган күндөрү түнкү ибадаттарды таштап салмак.
  2. Эгерде Кадыр кечеси бир күнгө белгиленип калганда, кайсыл бир пенде кокусунан ал кечени тосо албай калса, калган түндөрү өкүнүп калмак.
  3. Канча кече үмүт кылып Кадыр түн тоссо, ар бирине өз алдынча сооп алат.

Абу Хурайра (Р.А.) Кадыр кечеси тууралуу Пайгамбарыбыздан сурайт Кадыр кечеси пайгамбардын заманасына эле таандыкпы же андан кийин да уланабы? Пайгамбар (С.А.В.) «Кыяматка чейин болот. ………. «Эгерде Аллага бул максат болгондо Өзү эле айтып койбойт беле. Акыркы жети күндөн издегиле деди да, башка сураба!»- деди.

Ал эми «кадыр» деген сөз, ислам окумуштуулары тарабынан үч түрдүү чечмеленген:

  1. «Өкүм түнү» дегендикке жатат. Буга ылайык кадыр түн дегенибиз «Аллах Тааланын тагдырында өкүмү чыгарылган иштердин анык ажыратылган түнү» маанисинде түшүндүрүлөт. Бул жерде айтылып жаткан «тагдыр» эзелки белгилеп коюлган өкүм-чечимдердин ачыкка чыгуусун билдирет.
  2. «Кадыр-баалуулук, улуулук» – деген мааниде. Буга ылайык кадыр түнү «өтө кадырлуу, улуу түн» дегенди билдирет.
  3. «Тардык, кысылуу маанисинде. Мындай болгондо кадыр түнү «кысылуунун, тардыктын түнү» деп чечмеленип, бул түндө жер бетине түшкөн сансыз периштелерге жер тардык кылаары жөнүндөгү баяндоолор негизинде түшүндүрүлөт. Кээ бир ислам окумуштууларынын пикиринде, «кысылуудан» максат, акыр аягында зор жакшылыктардын жүзөгө ашуусун шарттаган чон иштердин корулуусун билдирет. Эстеп көргөн болсок, Курандагы алгачкы аян сүйүктүү Пайгамбарыбызга(САВ) Жебрейил периштенин катуу кысуусу менен башталган.

Кадыр түн Курани Карим түшүрүлгөн түн.

Касиеттүү кадыр түндүн керемет өзгөчөлүктөрү менен соопторунун бир башаты — ушул түндө Курани Каримдин пайгамбарыбызга (САВ) түшүрүлө баштаганы. Курани Карим — Алаах Таала тарабынан адамзатка берилген түбөлүктүү керемет китеп. Курани Каримдин тендешсиздиги, кереметтиги өксүбөстөн, убакыт өткөн сайын даана байкалып, кыяматка чейин уланат.

Адамдын жүрөгү Курани Карим аркылуу ачылып, Курандын терең жана бийик маанилери менен күч кубатка толот. Куран аркылуу акыл нурданып, зээн курчуйт. Курандан насип буйурбаган адамдын жүрөгү ойрондолуп, чалдыбары чыккан ээн үйгө окшойт. Ошондуктан, Курани Каримди сүйөлү, окуйлу, угалы, үйрөнөлү жана үйрөтөлү. Үйрөнүүгө, окууга жана окутууга үндөп, ушул жолдо башкаларга жардам берели. Касиеттүү ыйык Рамазан айында буларга айрыкча көңүл буралы. Дегеле Куран айаттарынын терең маани мазмунун жана жол-жоболорун көңүл койуп үйрөнүп билгенге аракет жасап, Курани Каримди жакшы түшүнгөн илим дүүлөрдөн мүмкүн болушунча сурап үйрөнөлү.

Кадыр сүрөсү жана анын мааниси.

»Биз ал (Куранды) кадыр түнүндөтүшүрдүк. Кадыр түндүн эмне экенин сен билесинби? Кадыр түн миң айдан да жакшы. Ал түндө Жараткан (Аллахтын) уруксаты менен периштелер жана Рух (Жебреил периште) ар бир (маанилүү) иш үчүн түшүшөт.Ал түн таң агарып атканга дейре салам (амандык) менен толтура. (Кадыр сүрөсү)

Миң айдан да жакшы түн.

Жогоруда маанисин берип өткөн «Кадыр» сүрөсүндө, кадыр түндүн «ичинде кадыр түнү жок болгон миң айдан да жакшы» болору билдирилген. Алаах Тааланын бул ыйык кабары эч кандай талаш тартыш туудурбагыдай даражада анык жана кескин айтылган. Андыктан бул Кадыр түнүнүнүн бийик кадыр баркына, улуулугуна жана соопторуна эң күчтүү, айкын далил болууда. Пайгамбарыбыздан (с.а.в.) бизге баяндалган төмөндөгү кабарда кадыр түнүнүн маани маңызын түшүнүүгө өзгөчө өбөлгө түзөт. Сүйүктүү пайгамбарыбызга (с.а.в.) өзүнөн мурунку адамдардын өмүрү канчалык узак болгону көрсөтүлгөн элэ. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) муну билип, өз үммөтүнүн өмүрүнүн кыскалыгын сезди. Узун өмүрлүү болушкан башкалар жасаган жакшы иштерди мынча кыска өмүрдө булар жасай алышпайт деп ойлоду. Бул кезде Аллах Таала ага миң айдан да жакшы, сооптуу болгон Кадыр түнүн белек кылды.