Урматтуу окурман! “Kadam-media.kg” порталы мындан ары сизди кыйналтып, түйшөлткөн суроолорго адистен кеңеш алып берүүгө аракет кылабыз. Андыктан, суроолоруңуз болсо биздин жеке баракчага жазып калтырыңыз. Сиздин сурооңузга, психолог врач Альбина Закирова жооп берет. Жашооңуздун жаркын күндөрү көп болсун!

Жазгул 20 жашта студент: Жакшы көргөн жигитимди таарынтып алдым, өзүм биринчи кечирим сураганым жакшыбы же өзү таарынычы жазылганда кайра мага келеби?

Адистин жообу: Күнөө сизде болсо биринчи кечирим сураган эң туура! Кечиримдүү болууга да умтулуш керек.

Мирбек, курулуш тармагында иштейт. — Мен көпчүлүк тааныштарыма курулушчу экенимди айткандан тартынам. Каякта иштейсиң дегендерге ар кандай жооп берем. Өзүмдөгү комплексти кантип жеңсем болот?

Адистин жообу: Эң биринчиден өзүңүздү адамдык касиеттер үчүн урматтоо керек. Андан кийин кайда иштегениңиздин айырмасы жок. Сиз туура жол менен акча табуудан уялбаңыз, мүмкүн тажрыйба топтоп келечекте өзүңүздүн курулуш компанияңызды ачасыз, анткени сиз азыр курулуш тармагын ичинен билип жатасыз. Ошол нерсеге умтулуш керек. Ийгилик сизге.

Нургуль үй кожойкеси: — Жолдошум мени жакшы көрөөрүн такыр сөз менен айтпайт. Кыз жигит болуп жүргөндө деле көп айтчу эмес. Мен аябай жакшы сөздөрдү, анын эркелеткенин уккум келет, кандай кеңеш бересиз?

Адистин жообу: — Кыз жигит болуп жүргөндө эле айтпаса, сиз көнүшүңүз керек болчу. Анткени эркек аны өзгөртүүсүн каалабайт. Бирок ачык сүйлөшүп, мага сен көп эркелеткен сөздөрдү айтсаң мени бактылуу кылмаксын, мага жагат деп жумшак гана каалооңузду жеткириңиз. Эч качан сын, же келекелөө иретинде айтпаңыз ага! Бактылуу болуңуз!