Кымбаттуу бүтүрүүчү!

Бүгүнкү майрамың менен чын дилимден куттуктайм! Сен бул күндү чыдамсыздык менен күткөнүңдү, бул майрамга карата ар кандай пландарды жасаганыңды билем. Анан дүйнөдөгү абалдан улам баары ойдогудай болбой калганын, мындан улам, сенин маанайың түшүп турганын да билем. Ошондуктан, бул катты жазып жатпаймынбы. Сен күткөн бүтүрүү кечеси болбой калганы эч нерсе эмес. Бирок алдыдагы жашооңдо төмөндөгү беш нерсе болбой калса, чыныгы өкүнүч ошондо.

Өнүгүү. Бул болбой калса, көп нерседен куру каласың. Окууну бүтсө деле дүйнө таанымы тар, ой жүгүртүүсү, жүрүм-туруму, сөзү, ал түгүл юмору окуучунукундай адамдар жок эмес. Ошол эле учурда, заман агымы менен бирге агып, өзү жашап аткан мезгилге шайкеш келгендер да арбын. Мына ушулардын сабында болуу үчүн тынымсыз өнүгүүнүн үстүндө болуу керек.

Такай изденүү. Эгер муну болтурбай койсоң, анда эле катардан калдым дей бер. Изденүү, окуу, жаратуу, жандандыруу, баштоо – сен экөөбүз курактуулардын негизги миссиясы. “Эмнени үйрөнүп алсам? Эмнени жасап көрсөм? Мага эмне жетпей атат? Кайсы иш ырахат тартуулайт? Мен кызыккан, мен окуп аткан тармакта кандай жаңылык? Муну окуп көрөйүн. Тигини таанып алайын”. Бул ойлор такай мээде турсун.

Токтолуу. Муну кыла албай калсаң, өзүңө карата башкалардын сыйына татый албайсың. “Окуучу”, “студент”, “кызматкер” – булар жөн эле статус эмес. Ар биринин өзүнүн сүрү, жоопкерчилиги болот. Студент экениңди унутуп калып, алдыда отурган кыздын чачын жулуп ийсең болбойт. Кулк-мүнөзүңдү, ички сезимдериңди колго алып, акырындык менен келечектеги мыкты адамды калыптандыра бер.

Сүйүү. Оо, эгер сүйүү болбой калса, негативдин, басынуунун, көңүл калуунун туткунунда каласың. Себеби, сен экөөбүз жашап аткан коомдо негатив көп. Сүй десе эле бизнес факультетинде окуган тармал чач менен “Оазистин” шаурмасын элестетпе, баарын сүйүү керек. Окууну, жасап аткан ишиңди, өзүңдү, айланаңдагыларды, коомду, өлкөнү сүй. Жектебе, кабак бүркөбө, жийиркенбе. Ошондо көзүңө анча-мынча жаман нерселер көрүнбөй, оптимисттик көз караш калыптанып, өнүгүүңө тоскоолдук жаралбайт.

Тобокел. Муну болтурбасаң, сага сөз жок. Кайран гана сая кеткен курч курак! Чоң компанияга резюмеңди жиберип сал. Чоң иш-чарада сахнага чыгып, эл алдында сүйлөп сал. Эч кимге айтпай туруп эл аралык түрдүү сынактарга катышып сала бер. Бизнес долбоорлорду, социалдык долбоорлорду ишке ашырып көр. 17де болчумун. “Компаниянын PR жагын ала аласыңбы?” деди жетекчи. “Алам” дедим. “Эртең кылчу иш-аракеттериңди, пландарыңды айтып бересиң. Анан көрөлү” деди. Сыртка чыгып, троллейбуска отуруп үйгө келгиче интернеттен “PR это” деп окуп келдим. Быйыл жайда бул компанияда иштеп атканыма 3 жыл болот экен…

Мына ушундай, урматтуу досум! Мен сага ак жол каалайм! Келечегиң кең болсун! Өлкөбүз билимдүү, ар тараптуу жетилген мыкты жаштарга суусап турат. Андыктан, чамда!

Нурболот Азаматов.