Апанын бала тарбиялоодо эң жоопкерчиликтүү убагы баласына бошонуу эрежесин (даарат ушатууну, заңдоону) үйрөтүү болуп саналат.

Апа менен баласы экөөнүн бул нерсенин үстүндө күрөшүү жолдорун айтуудан мурда, ушул тартипти кантип жолго салуу керек, мына ушул теманын үстүндө кеп кылсак пайдалуурак болчудай. Бала үчүн алды суу болуп жаткан учуру ага рахат тартуулай турган убак. Бала сийип жаткан учурда рахаттанат. Көңүл бурсаңыздар керек, көпчүлүк бала шымына сийип жатканда маңдайыңызга келип, көздөрүн жайнатып карайт. Жүзүндөгү ошол кубаныч абалынан көрүнүп тургандай, бала сиздин абдан жиниңиз келген нерседен рахаттанат. Кыскасы, баланы бул рахаттанган нерседен баш тарттыруу – балага заарасын бошотуу эрежесин үйрөтүү болуп саналат. Бала рахат алган нерседен баш тартуусу үчүн ыңгайлуу ыкманы табуу керек. 2-2,5 жаштагы балдарга заарасын бошотуу тартибин үйрөтүү өтө оор, анткени, ушул кезинде бала менен тил табышып түшүнүшүү абдан кыйын. Сиздер канчалык:

— Балам, жердин баары кирдеп жатат! – десеңиз;

— Кызым, сийгиң келгенде шымыңа сийбе,- деп ачык айтсаңыз, ошончолук баланын ачуусун келтирет. Көңүл коюп ойлоп көрсөңүз, заарасын бошотуп жаткан учурда балдар кыжыры келип, эч нерсени жактырбайт. Анткени, ошол маалда рахаттануусунун бузулушунан кыжаалат болот, ага андан баш тартуу оңой эмес.

Эми кененирээк токтолуп, төмөнкүдөй маалыматты берсек жакшы болот: бала жалпы тартипке баш ийбей, өзү каалагандай заарасынан бошогондо туура эмес кылганын, өз көздөрүнө көрсөтүү керек, мына ошондо гана өз катасынан баш тартышы мүмкүн, ансыз сиз балага карата болгон мамилеңизде туура эмес кадам жасап аласыз.

“Бала сийип койгондун зыяндуу экенин өзү кантип сезет?” деген суроого жооп – бул адам жаратылышында сырдуу болот. Адамдын ыңгайсызданган акыбалдарынын бири – кийинип турганда суу болушу, ушул себептен адамдардын бары мындан өзүлөрүн жакшы сезе алышпайт. Ошондуктан, балдар сийип жаткан учурда эмес, сийип бүткөндөн кийин гана ыйлай башташат. Бул ыйлоо – баланын алдыңкы бездеринин суу болгонун сезиши. Мына ушундай кыжаалат болгон кезде гана балага аз-аздан түшүндүрүү керек. Ушул учур – заарасын бошотуу эрежесин үйрөтүүгө эң ыңгайлуу. Ал эми сийип жатканда рахат алып турган кези болгондуктан, түшүндүрсө бала уккусу келбей, айтканга баш ийбейт.

Көңүл бурсак, даарат ушатууга караганда заңдоонун эрежеси балага жеңил үйрөтүлөт. Анткени заңдаганда мунун берген ыңгайсыздыгын бала дароо сезет. Баланын алдыңкы кийими заарасын соргондой, заңын соро албагандыктан бала жүдөйт. Ошондуктан, балдар заңдоону тез жана кыйынчылыксыз үйрөнүшөт.

Азыркы күндүн маселеси, даарат ушатууну балдардын жасай албашы. Анткени, балдар “памперс” кийгенде, ал заарасын дароо сиңирип алат да, баланын сууну сезүү бездери сууну сезбей, ыңгайсыздык жаралбайт.

Мына ошондуктан, баланын табигый жаратылышындагы жөндөмдүүлүгү ойгонбосо, анда бала кийимине сийгендин туура эмес экенин кантип үйрөнөт? Соруучу материалдан жасалган “памперсти” колдонуп, өзүбүзгө ыңгайлуу жагдайды түзүп жатканыбыз менен, баланын табигый иштөөчү бездери өз учурунда ишке кирбей калып жатпайбы! Бала алды суу болгонун сезбесе, кыжаалат болбосо, анда ал рахат берүүчү иштен эмнеге баш тартсын?

Бул көрүнүштү кылдат изилдеп, анын пайдалуу жактарын алып, өз тажрыйбабыз натыйжасын берсе, баланын заарасын бошотууну үйрөткөн ыкмалар бизге жакшы гана шарттарды түзөрүн айта кетүүбүз туура.

Эне менен баланы жакындатуучу күч – Жараткан

Жараткан эне менен баланын ортосунда пайда болгон ар кандай азаптарды жоюуга бизге кудурет берип, анын жолун чечүүчү күчтү адамдын акылына тартуулап турат экен. Андыктан убактыбызды текке кетирбей, “балага зыян кылбай туруп заарасын бошотуу эрежесин кантип үйрөтөбүз?”- деген суроого жооп издейли.

Даарат ушатуунун тартибин үйрөтүүнү табарсык жолдорунун иштешин бала көзөмөлгө алып калган кезинде баштоо туура болуп эсептелет. Бошонуудагы жаман-жакшы нерсени башташы баардык балада эле бирдей жашында ойгоно бербейт. Ар бир баланын сезим жөндөмү ар башка өнүккөндүктөн, болжол менен бала 2-3 жашка келгенде даарат ушатуу эрежесин үйрөтүү каралышы керек.

Бала эки жаштан баштап табарсыгын көзөмөлдөп кармай ала турганга чамасы жетсе дагы, бул шыкты кантип колдонгонду үйрөнүшү керек. Эки жашка чыккан бала сийүү жолдорун башкарууга жөндөмдүү болсо да, психологиялык жактан даяр болбосо, ага бошонуу эрежесин үйрөтүү абдан оор.

Балага өз алдынча бошонууну үйрөтүү түйшүгү – Жараткандан энелерге тартууланган ырайымы

Балдар төрөлгөн күндөн баштап алар үчүн жаңы окуяга көнүп жашоого себепкер жана аларга жардам болуучу шарттар бар. Балдардын түнкү ыйлоосу, ойдо жок жерден ооруп калуусу, тынымсыз сийип салуулары…

Буга окшогон көптөгөн түйшүктөр апаны кыйнап жаткандай сезилет. Бирок булардын баары эненин балага чыныгы эне болуусун камсыз кылган табигый жол болуп саналат. Бул түйшүк менен мээнеттерде бир ырайым бар. Эне менен бала чогуу жашаган түйшүктүү мезгилдер – ырайым тартуулаган убакыт мыйзамынын аралыгы.

Бир күнү бир эне:

— Балама заарасын бошотуу эрежесин үйрөтүү үчүн бала багуучу алган элем. Ичимде бир өкүнүч бар: балам үчүн кыйын күндөрдө жанында болгон эмес элем, эми ошол өкүнүч жүрөгүмдү өйүп жатат, — деген эле…

Ар бир эне баласынын оор күндөрүндө жанында болгусу келет. Ушундан улам, балдары менен бирге түйшүк тартууга башын байлаган апалар, өздөрү жана балдары үчүн муну пайдалуу деп эсептеп, эне менен баланы жакындаткан мындай убакыттарды андан ары туура алып кетүүлөрү керек.

Кыйналган убакыттар энелер үчүн жүк болсо, анда Жараткан эмнеге бардык энелерге бирдей түйшүк, бирдей азаптарды жаратат? Эгерде Жараткан кааласа, сыйкырдуу таяк менен ургандай эле, эки жаштагы баланы ыйлатпай, сийгизбей дароо дааратканага чуркатып койбойт беле? Анда баардыгын бир заматта үйрөтөт болчу.

Эгерде бала менен эненин ортосундагы мамиледе келишпестик болсо, бошонуу эрежесин үйрөтүү узак убакытты талап кылып, апа үчүн оор болот.

Бошонуу көп учурда психологиялык аракет болуп эсептелет

Бошонууну үйрөнүү физиологиялык көрүнүш сыяктуу эле психологиялык көрүнүш болуп саналат. Бала психологиялык жактан канчалык тынч жана салмактуу болсо, заарасын бошотууну үйрөнүү процессин ошончолук тез жана оңой кабыл алат. Баланы үйрөтүүдө канчалык зомбулук көрсөтүлүп, уяткарылса, анда баланы көндүрүү мөөнөтү узак убакытка созулат.

Практика жүзүндө эмнелерди жасасак болот?

1. Бошонууну үйрөнүү биринчи заңдоодон башталат, аркасынан заара кылууну жана акырында түнкү бошонууну үйрөткөнгө аракет кылгыла.

2. Бошонууну үйрөтүп жатканда, баланын алдына суу болгонун сезбегидей материал койбогула. Бала сийип салганда суусун сезгидей суу сиңирбеген материал койгула. Бошонууну үйрөтүүдө баланын алдын бир калыпта кармагыла. Кээде материал коюп, кээде койбой коюу үйрөтүүнү оордотот.

3. Бала күндүзү сийип салганда (аба суук болбосо же бала үчүн ыңгайлуу шартта) бир канча убакытка суу боюнча таштап койсоңор болот. Андан кийин көп өтпөстөн таза ич кийимдер менен алдын алмаштыргыла.

4. Баланын алдын алмаштырып жатканда психологиялык, физикалык да күч колдонбогула. Бала биринчи жолу дуушар болуп суу болгон ыңгайсыз абалын жана ички дүйнөсүндөгү уялуу сезимин байкоолору керек. Кээде “өхх, тажадым” деп айтуу дагы баланын ички сезимдеринин бузулуусуна алып келет.

5. Эки жаштан өткөн бир да бала сийип алып жүргөндү каалабайт. Сиздин бир нерсе айтууңуздун кереги жок.

6. Баланы капа кылуучу ачуу сөз айтылса, бошонууну үйрөтүү узакка созулганы аз келгенсип, балаңыздын да жүрүм-турумун бузууга түрткү болосуз. Ошондуктан этият болгула.

7. Түнкүсүн сийүүнү үйрөтүү үчүн бала күндүзү адаттагыдан көп суу жана суюк ширелерди ичиши керек, бирок жатуудан бир саат мурда жегенди токтотуусу зарыл. Суусата турган майлуу, туздуу жана таттуу жер-жемиштерди жебегени оң.

8. Түнкүсүн баланын сийе турган мезгили ар дайым бир убакта болсун.

9. Ошол сааттарда дал келген убакта гана баланы дааратканага алып баргыла.

10. Бала түнкүсүн ойгонуп даарат ушатып жатканда, уйкусу ачылышы керек, ошондуктан абасы салкын, таза жайда болушу шарт.

11. Баласына өз алдынча сийгенди үйрөткөнгө аракет кылган апа көп шейшептерди алып койгону жакшы.

12. Түнкүсүн жаткан ордунда бала сийип салган болсо, эч качан урушуп ойготпогула. Уктап жатканда баланы урушуу, опузалоо анын акыл-эсине зыян келтириши мүмкүн.

13. Уйкусу оор балдар үчүн түнкү дааратканага чыгууну үйрөтүү оор.

14. Эркек балдар сүннөткө олтургандан кийин дааратын оңой ушатышат.

15. Узак убакыт аралыгындагы аракеттен кийин да күндүзгү даарат ушатуу, заңдоо эрежелерине бала көнбөсө, анда андай балада психологиялык жана физиологиялык маселенин болушун эске алуубуз керек.

ruhesh.kg Педагог Адем Гүнештин “Бала тарбиялоодогу адашуулар” китебинен кыргызчалаган Мээрим САЙДИЛКАН