2020-жылдын январь-май айларында мамлекеттик карызды тейлөөгө республикалык бюджеттен 14 млрд 258,3 сом сарпталды. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.

Министрликтен белгилешкендей, 14 млрд 258,3 млн сомдун ичинен 6 млрд 407,2 млн сом мамлекеттик тышкы карызды, 7 млрд 851,1 млн сом мамлекеттик ички карызды төлөөгө сарпталган.

Мамлекеттик тышкы карыз:

— Негизги сумма – 4 млрд 415,6 млн;

— Пайыздары – 1 млрд 991,6 млн.

Бардыгы: 6 млрд 407,2 млн сом

Мамлекеттик ички карыз:

— Негизги сумма – 6 млрд 87,1 млн;

— Пайыздары – 1 млрд 764 млн.

Бардыгы: 7 млрд 851,1 млн

Жалпы:

— Негизги сумма – 10 млрд 502,7 млн;

— Пайыздары – 3 млрд 755,6 млн.

Бардыгы: 14 млрд 258,3 млн сом

“Белгилей кетсек, мурда 2020-жылга бекитилген бюджетке ылайык Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын төлөөгө 28 млрд 818,8 млн сом жумшоо пландалган. “Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин бул максаттагы чыгымдарга 32 млрд 821,2 млн сом сарпталмай болду”, — деп билдиришти министрликтен.