Күн ысып жай мезгили келээри менен балдарга жайкы эс алуу башталат. Адатта ата-энелер балдарды Ысык-Көлгө лагерлерге же өздөрү  менен чогуу тоолорго, айылга алып барышат. Бул жылы дүйнөнү каптаган пандемия эс алуу пландарын кыйла өзгөрттү десек жаңылбайбыз. Өлкөнүн аймактарында өзгөчө кырдаал киргизилип, инфекцияны жайылтпоонун алдын алуу иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө. Мандай шартта кайда барып эс алууга болот деген суроого жооп издеп көрөлү.

 Алгач кыргыз бермети болгон, баарыбыз сүйгөн Ысык-Көлдөн баштайлы. Көлгө барып эс алууну каалгандар кандай документтерди алуу керек жана кимдерге барууга болот?

Ысык-Көл облусунун кире беришинде санитардык-карантиндик посттор орнотулган. Алар өзгөчө кырдаал режими аяктаганга чейин иштешет. Чет жактан же инфекциянын жайылуусу жогору аймактардан келгендер суракка алынат. Калгандардын дене табын гана өлчөшөт. Эс алуу жайына келгенден кийин — пансионат, жатаканалар, курорттор жана ден-соолукту чыңдоо борборлорунда —  жарандар сөзсүз каттоодон өтүшү керек. Обсерваториядан чыгып, Ысык-Көлдө жашагандарды атайын машина менен алып кетишет.

Эгер Чүй өрөөнүндө эс алууну кааласаңыз анда, Ысык-Ата, Ала-Арча эс алуу жаратылыш паркына, Чуңкурчак жайлоосуна, Токмоктогу “Бурана” мунарасына же Кегетиге барууга болот.

Эгер Ош тарапка барууну пландап жатсаңыз анда албетте көпчүлүтүн көңүлүн бурган атактуу Сулайман тоосу, андагы музейге кириңиз. Ошондой эле, Кара-Шоро жана Кыргыз-Ата улуттук парктарына барыңыз. Сары-Челек, Арсланбоб коругуна барууга болот.

Нарында көптөгөн кооз жана тарыхый жерлер бар. Эс алуучулар Таш-Рабатка, Соң-Көлгө жана Салкын-Төр жаратылыш паркына бара алышат.

Ал эми буга чейин эң таза аймак катары каралып келген Таласка барууну көздөп жатсаңыз анда, айтылуу Манас бабанын Күмбөзүнө, Шекер айылындагы улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун музейи, Беш-Таш коругу жана Киров суу сактагычына барууга болот. Басса, Таласка кирүү үчүн ПЦР  тесстен өтүү керек деген суроо жаралат, бирок бул андай эмес. Облуска кирээрде дене табы гана ченелет.

Эсиңизде болсун! Эс алууга бараарда эң алгач көрсөтүлгөн санитардык талаптарды туура сактаңыз. Колду бат-баттан жууп, аралыкты сактап, коомдук унаага  караганда өзүңүздүн унааңыз менен барган оң. Бул вирустан сактануу үчүн биринчи кезекте өзүңүз үчүн жакшы.

Ошондой эле, жаныңызга өздүгүңүздү тастыктаган паспорт же документ алып алууңуз зарыл. Блокпосстон өтүүдө жана сиз барган мейманкана, понсионатта албетте керектелет.

Булак: kadam-media.kg