ТВ-ВидеоШоу-бизнес
Видео- Ырчы түз эфирге чыккан учурда каза болду
Румыниялык ырчы Тави Пустиу социалдык тармак аркылуу түз эфирге чыгып отурган жеринен поезд менен кагышып, жан берди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Кадрга дыкат көңүл бурсак ырчы чылым чегип, музыка угуп унаада отурган. Машинаны анын аялы башкарган. Акыркы секунддарда келинчеги башын бурганда поезд келип калып, унааны башкарганга жетишпей калган.
Кырсыктан ырчы каза болуп, ал эми жубайы оор жаракат алып жандандыруу бөлүмүндө жатат.
Эскерте кетсек, 29 жаштагы Тави Пустиу Румыниядагы таанымал ырчылардын катарында эле.