Кыргызстандык ырчы Бек Исраилов «Славян базары – 2022» фестивалында үчүнчү орунду ээледи.

Конкурс 18-июлга караган түнү Беларустун Витебск шаарында өттү. Ырчы Бек Исраилов 16-июль күнү конкурстун биринчи турунда Александр Серовдун «Я люблю тебя до слёз» аттуу ырын аткарды.

Сынакта Лариса Долина, Вреж Кирокосян, Руслан Алехно, Микаэла Роуз («Арабеск» тобунун мүчөсү), Леонид Пташка, Марио Стефано Пьетродарчи жана Яна Клавина калыстык кылды.

Белгилей кетсек, «Славян базары» фестивалы 1992-жылдан тарта жыл сайын Витебск шаарында өткөрүлүп келет. 30 жылдан бери өткөрүлүп келе жаткан бул сынакка буга чейин Кыргыз өлкөсүнүн атынан Кыргыз Республикасынын Эл артисти Гүлнур Сатылганова, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Юлия Руцкая, ырчылар Нэна, Эрлан Андашев катышып, байгелүү орундарга ээ болушкан.

Быйыл аталган сынакка 14 өлкөдөн келген ырчылар катышты.

Бек Исраилов 1992-жылы Ысык-Көл облусунун Тон районундагы Бар-Булак айылында туулган.

Ал 2017-жылы К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясын бүтүргөн.