Нике кыйылгандан кийинки аял менен эркектин бирге өткөргөн түнү «нике түнү» деп аталат

💟» Нике түнү» адамдар өмүр бою эсинде кала турган маанилүү түн болуп саналат. Бул түн никелешкен аял менен эркектин алгачкы жакындашуучу түн. Ошондой эле нике түнү -арзышкан эки адамды бири-бирине жеткирген дубалардын кабыл болгон түнүтжана сүйүшкөндөрдү бири-бирине кошкон түн

💟Нике түнүнүн адеби
Бул түндө жаңы үйлөнгөн жубайлар дароо эле жыныстык мамилеге 6ерилбестен, алгач төмөнкүдөй адеп-эрежелерди аткаруусу талапка ылайык:
Ал эрежелер он баскычтан турат.

🤲1. Дуба
Алгач эркек ‹бисмилла» деп айтуу менен бөлмөгө кирет. Колун жубайынын башына коёт да: «Оо, Жараткан Алла! Сенден бул жубайыма бардык жакшылыктарды жана адеп-ахлактуулукту тилейм. Анын жакшы адебин бузулуудан сактай көр!» (Бухари, Е. Ибад, 77) деп дуба кылып, баш кошуп жаткан жубайына аруулукту, мыкты адепти жана жакшылыктарды тилейт.

Бул түндө жаңы үйлөнгөн жубайлардын туугандары жана жакындары да аларга дуба кылышат. Мындай убакта дуба кылуу сүннөт болуп саналат.

Абу Хурайра (р.а.) мындай дейт: «Пайгамбарыбыз (ﷺ ) үйлөнгөндөргө мындай деп дуба кылаар эле: «Алла Таала никеңерди куттуу жана берекелүү кылсын жана үй-бүлөңөргө береке берсин! Экөөңөрдүн ортоңорго кут каарысын!» (АбуДавуд, 2130)

🍮2. Көрүндүк

Өткөн замандарда сахабалар жубайларына арнап атайын белек жана ошондой эле көрүндүк бермейинче нике бөлмөсүнө киришкен эмес. Качан гана алар өздөрүнүн дилинен чыккан белектерин ыроолошкондон кийин гана, жубайларына жакындашкан.

Азирети Али (р.а.) мындай деген: «Фатима менен никебиз кыйылды. Бир күнү Пайгамбарыбыз (ﷺ )
:«Эми бизге уруксат бериңиз» дедим. Пайгамбарыбыз (ﷺ ) «Фатимага бере турган белегиң кайда ?» деди. Мен болсо: «Жанымда…» дедим. «Аны Фатимага бергин» деди Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи уа салам ) (Насаи, Нике, 76).

🛐3. Намаз

💟Нике түнүнүн алдында жубайлар эки рекет намаз окуулары керек. Бул намаз «Нике түнүнүн намазы» деп аталат. Намаздан кийин жубайлар үй-бүлөсүнүн куттуу, берекелүү, бактылуу болушун жана бул жашоосун Жараткан ыраазы боло тургандай таризде жашоолорун тилеп, Аллага дуба кылышат.
Пайгамбарыбыз (ﷺ ) Азирети Али (р.а.) менен Азирети Фатимага (р.а.) жана башка сахабаларына нике түнүндө «Нике түнүнүн намазын» окуу керектигин айтып, кеңеш берчү. Ошондуктан бул намаз сүннөт болуп эсептелет.
(Ибн Шайба, 7/5)

🗣4. Баарлашуу
Нике түнүндө эркектин жубайы менен бир аз сүйлөшүүсү, аны менен жагымдуу маанайда тамашалашуусу, жубайынын толкундануусун бир аз жоюусу, ичип-жей турган суусундук же жер-жемиштен сунуштоосу мустахаб (исламдагы аткарылгандыгы жакшы болгон иш) болот.

Йазид кызы Асма (р.а.) мындай дейт: «Мен Айша энебизди Пайгамбарыбыз ﷺ үчүн жасалгаладым. Жасалгалоо иши бүткөндөн кийин колуктусун көрүү үчүн Пайгамбарыбызды (ﷺ ) чакырдым. Азирети Пайгамбарыбыз (ﷺ ) келип. Айша энебиздин жанына келип отурду. Ошол учурда Пайгамбарыбызга (ﷺ ) бир идишке сүт алып келишти. Ал сүттөн өзү ичти да, Азирети Айшага сунду. Азирети Айша уялган түрдө башын ийип жерди карап калганда мен: «Пайгамбарыбыздын (ﷺ ) өз колу менен бергенин алсан боло» деп кеңеш бердим. Ал сүттөн алып, бир аз ичти

🎀5. Кийимин чечүү

Баш кошкон жубайлар жыныстык катнаштын алдында үстүндөгү кийимдерин чечип алганы жакшы. Себеби, чечингенде дене-бой эс алат, кыймылдоо жеңилдейт‚ ышкыны күчөтүп, ырахат алууга жакшы шарт түзөт.
☝️Бирок чечинген кезде үстүлөрүн жапкан жеңил кийим болуусу абзел. Бул маселе боюнча Пайгамбарыбыз (ﷺ ) мындай деген: «Алла Таала уяттууларды сүйөт»
(ат-Таж, 2/307).

Башка бир хадисте мындай деп айтылат: «Жыңалач калуудан алыс болгула. Себеби гусул алган жана жубайы менен жыныстык мамиледе болгондон башка учурлардын бардыгында силер менен бирге болгон жана силерден айрылбаган периштелер бар. Алардан уялгыла жана аларды сыйлагыла» (Тирмизи, 2801). Азирети Айша р.а да мындай деген:
Пайгамбарыбыз (с.а.в.) көз жумганга чейин мен анын жыныстык органына карабадым, ал да меникин көрбөдү».