Ар бир органдын өзүнүн белгилүү бир жайгашкан орду бар. Бирок органдар ордунан ылдый түшүп кеткен учур да кездешет. Эмне себептен мындай болот деген суроого адистер жооп беришет.
ИЧЕГИ ЖАНА АШКАЗАН
Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук госпиталдын гастроэнтерологу Элвира Жакишова эмне себептен ичеги менен ашказан түшөт деген суроого жооп берет.
2 оорунун тең пайда болуу себептери:
Оор көтөргөндө. Узак убакыт оор жумуштарда иштеп, оор салмактагы жүк көтөрсө сөзсүз ички органдарга таасир этип, алардын жайгашкан ордулары ылдыйлап кетиши мүмкүн.
Өтө арыктап кеткенде. Эгер адам өтө арыктап кетсе, ичеги-карынды курчап турган майлар азайып, ичеги-карынды өз ордунда кармоо функциясын аткара албай калат.
Ич катканда. Жеген тамак-аш сыртка чыкпай топтолуп, ич ката берип органды ордунан козгойт.
Белгилери:
1. Ич, ашказан туш ооруйт.
2. Кусат.
3. Заңы катат.
4. Тамакка табити тартпайт.
5. Ич көбөт.
6. Ичеги-карын салаңдап, табарсык тушка келип калганы байкалат.
7. Организмде зат алмашуу, тамак сиңирүү кыйындайт.
8. Адам өзүн жаман сезип, алсыроо пайда болот.
Дарыланбаса артынан кандай оорулар келип чыгышы мүмкүн?
Геморрой
Тукумсуздук (зат алмашуу бузулат, натыйжада тукумсуздук келип чыгышы мүмкүн)
Простатит (зат алмашуу бузулат, натыйжада тукумсуздук келип чыгышы мүмкүн)
Этек кирдин бузулушу
Өнөкөт ич катуу
Метеоризм
Дарылоо:
1. Дарылоо үчүн атайын көнүгүүлөр жүргүзүлөт.
2. Дайыма бандаж, корсет кийүү сунушталат.
3. Туура тамактануу зарыл.
4. Өтө арыктап кетсе, салмак кошуу кажет.
Органдын ордуна келүүсү үчүн көп убакыт талап кылынат. Адам жылдап өзүн кароосу керек. Эгер талап кылынган нерселердин баары аткарылып, бирок ичеги-карын ордуна келбесе, анда операция жолу менен калыпка келтирүүгө туура келет.
БӨЙРӨК
Бөйрөктүн түшүшү туурасында уролог, медицина илимдеринин кандидаты Канат Казымбеков айтып берет.
Оорунун пайда болуу себептери:
Аз убакыттын ичинде арыктоо. Адам арыктаганда бөйрөктү курчап турган май азайып, бөйрөк салаңдап түшө баштайт.
Оор жумуш жасоо. Бөйрөккө күч келет да, ордунан козголуп ылдый түшөт.
Бөйрөк туштан жаракат алуу.
Бөйрөктүн инфекциялык оорулары.
Белгилери:
Бөйрөк туш салаңдап ооруйт.
Көпкө баса албайт жана тикесинен тура албайт.
Жумушка жөндөмсүздүк пайда болот.
Дарыланбаса артынан кандай оорулар келип чыгышы мүмкүн?
Инсульт (бөйрөктүн кан басымы көтөрүлүшү мүмкүн, натыйжада инсульт пайда болот)
Мындан сырткары бөйрөк ар кандай ооруга чалдыгуу коркунучу жогорулайт.
Учурда бөйрөктүн түшүшүнөн сырткары табарсыктын да ылдыйлап кетиши кезигет. Бул аялдарда көп жолукчу оору. Жатыны түшүп кеткен аялдын табарсыгы да кошо түшөт. Табарсыкты ар кандай көнүгүүлөр жана операция жолу менен көтөрөт.
Дарылоо:
Атайын көнүгүүлөрдү жасоо
Бандаж кийүү
Салмак кошуу
Туура тамактануу
Бөйрөктүн түшүшүнүн 1-2-даражасында ар кандай көнүгүүлөр менен дарылоого мүмкүн. Ал эми 3-даражасында операция жолу менен ордуна келет.
ЖАТЫН
Туура эмес төрөттөн улам жатын түшөт. Бул туурасында гинеколог Айнура Турдалиева жооп берет.
Оорунун пайда болуу себептери:
Оор жумуш көп жасаганда.
Төрөт. (Туура эмес ыйынганда, көп жолу төрөгөндө, баланын салмагы чоң болгондо, төрөттөн кийин аялдардын чаты туура эмес тигилгенде, төрөттөн кийин оор жумуш жасаганда).
Белгилери:
Зааранын чыгып кетиши.
Кошулуу учурунда эркектин канааттанбай калышы.
Бир нерсе салаңдап тургандай болуп, басканда кыйналуу.
Дарыланбаса артынан кандай оорулар келип чыгышы мүмкүн?
Заңдоо кыйындайт.
Жатын сезгенүүгө кабылып, оорулар жаралат.
Дарылоо:
Жатындын түшүүсүнүн алгачкы даражасында ар кандай көнүгүүлөр менен дарылоо мүмкүн. Ал эми 2-3-даражасында операция жолу менен ордуна келтирүүгө туура келет.
Алдын алуу
Кош бойлуулуктун 7-айынан тарта бала бат чоңоёт, ошондуктан эне 7 айдан тарта камыр тамактарды азайтып, жашылча-жемишти көбүрөөк жеши керек.
Төрөт маалында дарыгер энеге туура жардам берүүсү зарыл, эгер кыйналып жатса, чатты алдын ала кесип салган туура. Чат өзү айрылса (түз айрылбайт), туура эмес тигилип, жатын түшүүгө жөндөмдүү болуп калат.
Интернет булактарынан алынды.