Коом

Финпол: 75 медицина кызматкерине иш козголду

Пандемия башталгандан бери Саламаттык сактоо министрлигинин 75 кызматкерине карата сотко чейинки өндүрүш иши жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, гуманитардык жардамды бөлүштүрүүдө жана Тез жардам кызматына унаа сатып алууда коррупциялык фактылар аныкталып, ири суммадагы чыгым тууралуу кеп болууда.

Бул иштердин бири боюнча сентябрь айында мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев кармалган. Финполдон билдиришкендей, тийиштүү кызматтагы адамдарга шалаакылык жана кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренелери боюнча иш козголгон.

Чолпонбаев 2018-жылдын 20-апрелинен 2020-жылдын 1-апрелине чейин министр болуп турган. Ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келген макулдашууну билип туруп түзгөн деп шектелип жатат. Бул мамлекеттик бюджетке 65 миллион сом зыян келтирген кеп-кеңеш бере турган кызмат көрсөтүү экени айтылды.

Булак: NazarNews.kg

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button