Коом
Сеулдун Өрткө каршы кызматы КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине өрт өчүрүү жана куткаруу унааларын тапшырды
Кечээ, 1-февраль күнү Бишкек шаарында Сеул шаарынын Өрткө каршы күрөшүү кызматы тарабынан КРдин Өзгөчө кырдаалдар министрлигине атайын 4 даана автоунааларын кабыл алуу аземи болуп өттү.
Корея Республикасы тарабынан берилген өрт өчүрүүчү жана тез жардам атайын автоунаалары акыркы үлгүдөгү шаймандар менен толуктоого мүмкүнчүлүк берет.
Салтанаттуу иш-чарага Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев жана Кыргызстандагы Корея өлкөсүнүн элчиси Ха Тэ Ёк, ошондой эле Бишкек шаарынын Өрт-куткаруу бөлүмүнүн өздүк курамы катышты.
КР ӨКМдин Басма сөз кызматы