Баткенде Эски-Оочу айылында «Максат» чек ара тозотунун аскер кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка ылайык, «Максат» чек ара тозотунун 2021 аскер бөлүгүнүн аскер кызматкери М.А. 24-июнда 30 миң сом алып жатканда колгон түшүрүлгөн. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту боюнча (Пара алуу) кылмыш иши козголгон.
Ал аткезчилик жүктөрдү аныктоо үчүн түзүлгөн пункттар аркылуу Тажикстанга жүктөрдү өткөрүп жүргөнү тууралуу маалыматтар алынган.
Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

