Бүгүн республиканын айрым жерлеринде жаан-чачын жаайт. Бул тууралуу Кыргыз гидрометеорология билдирди.
Жалпысынан алганда абанын температурасы Чүйдө +14…+19, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +20…+25, Талас регионунда +16…+21, Ысык-Көлдө +12…+17, Нарын аймагында +14…+19 градус болот.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +16…+18, Ош шаарында +22…+24 градусту көрсөтөт.

