Бишкекте айыл чарба жарманкеси өтөт
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги ушул жылдын аягына чейин ишемби-жекшемби күндөрү саат 9-00дөн 16-00гө чейин айыл чарба жарманкесин уюштурат. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жарандарды азык-тулүктөрдү арзан баада сатылат.
Ошондой эле, жарманкеге бардык айылдык товар өндүрүүчүлөрдү жана тамак-аш өнөр жай ишканаларын ата мекендик өндүрүш товарларын сатууга чакырылат.
Бул жарманкени уюштуруу калктын аярлуу катмарынын сапаттуу айыл чарба жана тамак-аш өнөр жай продукцияларына жеткиликтүүлүгүн камсыздоо жана ата мекендик айыл чарба өндүрүүчүлөрүн алдыга жылдыруу максатын көздөйт.
Жарманкенин дареги:
Бишкек шаары, Биринчи Май району, Киев жана Токтогул көчөлөрүнүн ортосунда жайгашкан Раззаков көчөсү, көрнөктүү Ала-Тоо аянты, Ч.Айтматовдун эстелиги.
Байланыш телефондору: 0707 702 703, 0771 949 499, 0700 652 637