Коом

Борбор калаанын мэриясы балдар мектепке арык менен барган тасмага түшүндүрмө берди

Социалдык тармактарда Барпы Алыкулов жана Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде тротуар жок болгондуктан, балдар мектепке сугат арык аркылуу барып жаткан видео пайда болду.

«Белгилей кетсек, жол Бишкек шаары менен Чүй облусунун Сокулук районунун чек арасы болгондуктан, жөө адамдар өтүүчү бөлүктүн ордуна тосмо курулган.

Демек, батыш тарабы Сокулук району, ал эми чыгыш тарабы шаарга тиешелүү, жолдун бул тарабында тротуар бар.

Буга байланыштуу Бишкек шаарынын мэриясы шаардыктарга бул маселе боюнча Сокулук районунун администрациясына кайрылууну сунуштайт», — деп жазылат маалыматта.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button