Кылмыш-кырсык

ИИМ: Түзөтүү мекемесинин аймагына баңгизат ыргыткан жаран кармалды

Түзөтүү мекемесинин аймагына баңгизаттарды ыргыткан жарандарды   аныктоого жана алардын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюга багытталган ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлдү.

Түзөтүү мекемесинин ыкчам кызматкерлери менен ИИМдин БМЖКККнын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын №10 мекемесинин аймагына баңгизатты мыйзамсыз сатып өткөрүүгө шектелген жаранды кармашкан. Бул баңгизаттар түзөтүү мекемесиндеги жазаларын өтөп жаткандарга арналган.

10-январь күнү Жалал-Абад шаарында болжол менен 05:30 чамасында №10 түзөтүү мекемесинин короосуна белгисиз адам тарабынан скотч менен оролгон өзгөчө кескин жыты бар 17 таңгактагы баңгизатты ыргытышкан.

12-январь күнү Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 3-бөлүмү (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголгон.

14-январь күнү Бишкек шаарында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектүү катары Ош облусунун тургуну 1975-жылы туулган М.Б. кармалды.

Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, түзөтүү  мекемесине ыргытылган баңгизат  “Марихуана” экендиги аныкталды. Анын жалпы салмагы 9 кг.430 граммды түздү.

Кармалган жаран Ош шаарындагы тергөө абагына киргизилди. Иликтөө иштери жүрүп жатат.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button