Кылмыш-кырсык

Чек арада мыйзам бузуу аныкталды

«Ак-Тилек» көзөмөл өткөрүү жайында Казакстан Республикасынан Кыргыз Республикасынын аймагына мыйзамсыз жол менен алынып келе жаткан 22000 кг өлчөмүндө тооктун эти (окорочка) «Ак-Тилек» чек ара ветеринардык көзөмөлдөө пунктунун инспекторлору тарабынан ветеринардык көзөмөл жүргүзүүдө ЕАЭБдин ветеринардык-санитардык талаптарын бузгандыгы аныкталган.

«Ак-Тилек» чек ара ветеринардык көзөмөлдөө пунктунун инспекторлору текшерүү учурунда ветеринардык коштомо документтери жок экендиги жана ЕАЭБдин ветеринардык-санитардык талаптары сакталбагандыгы аныкталган.

«Ак-Тилек» чек ара ветеринардык көзөмөлдөө пунктунун инспекторлору тарабынан тиешелүү артка кайтаруу актысы түзүлүп, жүк Казакстанга «Ак-Тилек» көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу артка кайтарылды.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button