Коом

ӨКМ кыргыз-казак чек арасында кезек күткөн айдоочуларды ысык тамак-аш менен камсыз кылды

Күн мурун, 17-апрелде, кыргыз-казак чек арасынын “Ак-Тилек” постуна, Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун 31 жана 33-чакырымдарына тамактануучу жайлары уюштурулду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда ӨКМдин кызматкерлери болжол менен 360 оор жүк ташуучу унаанын 420 айдоочусуна ысык тамак берди. Ар бир чатыр ашканага керектүү жабдыктар менен жабдылган.

Белгилей кетсек, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлеринен кыргыз-тажик чек арасында күнү-түнү иш алып барууда.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button