Кылмыш-кырсык

Ысык-Көлдөгү «Каприз» пансионатында мушташ чыкты

Ысык-Көл районундагы «Каприз» эс алуу борборунда Бактуу-Долоноту айылынын тургундарынын ортосунда чыр чыккан. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБ билдирди.

ОИИБдин маалыматына караганда, айылдаштар урушуп, эс алуу борборунун администрациясы милиция чакырган. Милиция кызматкерлери баргыча эс алуу борборунун кызматкерлери чырдашкан жашоочуларды тынчтандырышкан.

Милиция бир туугандардын ортосунда уруш чыкканын, алар бири-бирине арыз жазуудан баш тартышканын белгиледи.

Териштирүү уланууда.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button