Кылмыш-кырсык

Ысык-Атада 33 жаштагы келин күйөөсүнүн ур-токмогунан каза болду

Чүйдүн Ысык-Ата районунда 33 жаштагы келин күйөөсүнүн ур-токмогунан каза болду. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 11-сентябрда Ысык-Ата райондук милициясына аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө 33 жаштагы С.З. аттуу келин дене жаракаттары менен түшүп, каза болгону тууралуу маалымат келген.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин адам өлтүрүү беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн тергөө амалдарынын жыйынтыгында окуянын чоо-жайы такталып, өлгөн жарандын күйөөсү 40 жаштагы К.М. үйүндө арак ичип отуруп, уруш чыгарып аялын сабагандыгы аныкталды.

Шектүү жаран кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button