Баткен районунда бир катар жаңы өндүрүш объектилери ишке берилди


Бул долбоорлор жергиликтүү экономиканы өнүктүрүү, жаңы жумуш орундарын түзүү жана өндүрүштүк потенциалды жогорулатуу максатында ишке ашырылды.

1. Самаркандек айылы – мөмө-жемиштерди кайра иштетүүчү цех.
• Кубаттуулугу: суткасына 5 тонна мөмө-жемишти кайра иштетет
• Жумуш орундары: 30
• Курулуш аянты: 200 м²

2. Ак-Татыр айылы, Аэропорт участогу – пластмасса калдыктарын кайра иштетүү цехи.
• Жумуш орундары: 30
• Долбоордун баасы: 52 000 000 сом
• Каржылоо булагы: жеке каражат

3. Төрт-Гүл айыл өкмөтү, Жаны-Жер айылы – мөмө-жемиштерди тоңдуруп сактоочу вакуумдук муздаткыч.
• Сактоочу кубаттуулугу: 500 тонна
• Жумуш орундары: 5
• Курулуш аянты: 1,0 га
• Долбоордун баасы: 22 000 000 сом
• Каржылоо булагы: республикалык жана жергиликтүү бюджет, Койка эл аралык уюму

Бул долбоорлор жергиликтүү өндүрүштүн өнүгүүсүнө, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого жана экологиялык таза технологияларды колдонууга өбөлгө түзөт.