Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети «KG Group» курулуш компаниясы боюнча социалдык түйүндөрдө тараган видео кайрылууга түшүндүрмө берди.
Маалыматка ылайык, социалдык баракчаларда компаниянын негиздөөчүсү Имамидин Ташовдун бир тууганы Азиз Ташов УКМК тарабынан мүлккө камакка алынды деп билдирди деген маалымат тараган. Бирок УКМК Азиз Ташов жана Ташовдун жубайы менен болгон сүйлөшүүнүн жыйынтыгында бул маалымат жалган экендиги аныкталды.
Мекеме белгилегендей, компанияга байланышкан маселелер жарандык-укуктук тартипте сот аркылуу каралууда.
Ошондой эле УКМК компания жетекчилигине курулуштарды тез арада аяктап, үлүш ээлеринин көйгөйлөрүн чечүү керектигин катуу эскертти. Болбосо жооптуу адамдарга карата мыйзам чегинде эң катаал чаралар көрүлөрүн билдирди.

