Кыргызстандык футболчулар палестиналыктарды жеңип алды


3-сентябрда, Кыргыз Республикасынын U-23 Олимпиадалык курама командасы футбол боюнча 2026-жылдагы Азия Кубогунун тандоо этабындагы жүрүшүн баштап, Палестина командасына каршы кез келди. Беттеш Д.Өмүрзаков атындагы стадионунда орун алды.

Беттештин экинчи бөлүгүндө Кими Мерк (81′ П) пеналтиден эсеп санын ачты. Ал эми, атаандаш экинчи бөлүктүн кошумча убактысында эсепти теңөөгө жетишти (90+4′). Бирок, дароо эле биздин кураманын чабуулунун натыйжасында Кими Мерк эсеп санын жаңыртып (90+5′), курамага 2-1 эсебиндеги жеңишти камсыздады.

Эске салсак, 2026-жылдагы Азия Кубогунун тандоо оюндарында жалпы 44 команда катышып, 11 тайпага бөлүнгөн. Кыргыз Республикасынын курама командасы «Е» тайпасында Палестина, Өзбекстан жана Шри-Ланка курама командалары менен ат салышат.

Турнирдин финалдык этабы 2026-жылдын январь айында Сауд Аравиясында өтөт. Финалдык этапка 16 мыкты команда чыгат: турнирдин кожоюну Сауд Аравия автоматтык түрдө катышат, ошондой эле ар бир тайпанын жеңүүчүлөрү жана эң мыкты көрсөткүчкө ээ болгон төрт экинчи орундагы командалар финалдык баскычка жолдомо алышат.

Башкы машыктыруучу Эдмар Ласерданын жетекчилиги алдындагы курамабыз кийинки беттешин 6-сентябрда Өзбекстанга каршы өткөрөт.